МАНАС БААТЫРДЫН КАНЫКЕЙГЕ YЙЛ©НYШY

Так-как не получилось вставить оригинальные символы, пришлось заменить некоторые буквы.
Оригинальный текст можно скачать перейдя по этой ссылке (~2 КБ)

Арыстанын, Чубак жол жYрYп
Аазгана эмес, мол жYрYп,
Астындагы К©кала
Баскан жери быркырап,
Учкан куштай дыркырап,
Кызыл кылыч Зулпукор,
Кынай белге илиптир,
Кандайын байкап к©рм©кк©,
Кайраттуусун билмекке
Кен Букарга келиптир.

Катыра жYрYп жол чалып,
Канча баатыр кошчу алып,
Ордолуу Букар шаарына
Атынын оозун бурду эми,
Акбалтанын эр Чубак
Алыстан байкап турду эми.

Бууругуп келген Чубакты
Букардык к©рYп кеп айтат,
Кеп айтканда нени айтат;

„Энкейтип пенде алгысыз,
Эч ким чыдап баргысыз,
К©к темирден тон кийген,
К©кала сындуу ат минген,
Караса жур©к болк этет,
Каар бетине айланган,
Жолум Yйд©й чоюнбаш
Бир жагына байланган,
Ач айкырык, куу сYр©©н,
Аленгир жаа, сыр жебе,
Айтканына к©нб©с©к,
Азыр салат ангеме,
Онурандап кол салса,
Орто жерден оргудай,
Он эки капка Букарды,
Ойлоп турсам, ушул шер
ТYк чыгарбай соргудай".

Бул кабарды укканда,
Жалпы Букар чайпалып,
Т©гYлYп кете жаздады.
Каарды Чубак баштады.
Журт чуркурап турганда,
Чууга кулак тунганда,
Он эки кыздын кенжеси,
Кудайдын сYйг©н пендеси,
Кара сурдун сулуусу,
Аял заттын нурдуусу
Темиркан кызы Каныкей
Баатыр бейбак болуучу.
Барган жерге калайман
Салган бейбак болуучу.

Эр Чубакты к©рг©нд©,
Эликтей болуп тYйYлYп,
Темиркандын алдына
Азыр жетти жYгYрYп.
Атакесин мунайтат,
Каныкей сулуу муну айтат:
„Атаке, ажалым жетсе ©л©йYн,
Амалым жетсе ошого,
Мен бир кагыш кылып к©р©йYн.
Жендирсем ушул баатырга,
Кордукту койдой к©р©сYн,
Калбай баарын ©л©сYн.
Женер болсом ошону,
Тикесинен салармын.
Кайра тартып Букарга,
Келбегидей кылармын.
Атаке, сенин шаарыны
Эки айланып ушул д©©,
К©рб©гYд©й кылармын.
Ал да жалгыз, мен жалгыз;
Айталаада салышып,
Аябай кызык салайын.
Чапканы жYрг©н эменин
Чамасын сынап калайын.
КYчтYYлYгYн билейин,
КYчYм келсе ушуну,
Жерине чейин сYр©йYн!'.

Мына ошентип Каныкей
Кен к©йн©гYн шымданып,
КелишимдYY тYг©нгYр
Кериш киймин тынданып.

Жоо дегенде тYйYлYп,
Эркектин киймин кийинип
Олондой болгон кайран чач
Т©б©г© кынай тYйдY эми.
К©пк©к темир курч болот
К©мк©р© башка кийди эми.
Кабырганын себилди,
Киндиктин ©©д© жагына
Кийген экен бул бейбак
Ок ©тп©г©н темирди.
Тула боюн топчулап,
Толукшуган кайран бет
Бек бекитип YпчYл©п,
Алтын жаак айбалта
Артык жайлап билди эми
Кагышка салчу Ак тинте ,
Ач билекке илди эми.

Комокойлуу сыр найза
Учун болот улаткан,
Темирге сайса, ©тсYн деп,"
Токтобой кирип кетсин деп,!.
Б©рY тил кылып болотту
Б©г©н-б©т©н суулаткан,
Ошол кезде Каныкей
©рYмд©н чачы ©т© элек,
©зY бала секелек.
Басып чыкса, бейбакка
Баары Букар тан калып,
Кожо, молдо аралаш
иКокуй, бейбак, кантет" — деп
Карап турду жарданып.

„Эркек эмес, кыз болуп,
Эндирип иер бекен деп,
Эпсиз баатыр эмеге,
Жендирип иер бекен" —
Журт чочулап турганда,
Каныкейдин ак сарай
(Кыз да болсо бейбактын
С©©л©тY артык бирдалай!)
Ал сарайды карасан,
Асем менен жайлалуу,
Кагыш болсо, минууг©
Канча тулпар байлалуу.
Ал тулпардын ичинде
К©рг©нд©р мактап дан кылат
Каныкейдин Каракашка аргымак;
Сом туягы чарадай,
Арт жагында соорусу
Эркин жаткан талаадай.

Кетенчиктеп турбастан,
Келген жоодон чочунуп,
Ашып-шашып Каныкей,
Аргымакты токунуп,
Чаболонун бек тартып,
Куюшканын узартып,
Жоого уруучу добулбас
(YнYн уксан, оолак кач)
Кайра байлап капшырып,
Кыраан тууган Каныкей
Канжыгага тапшырып,
К©к найза колдо койкоюп,
К©к жеке* бутта чойкоюп,
Кара болот кылычты
Жанына жалан байланып,
Жолборстой бейбак ж©н©с©,
Казыналык сарайдан
„Алдам ©зYн сакта—деп,
Ан-тан калды далай жан.

Чон Букардын YстYнд©
Казыналык мунара,
Бул Каныкей чиркиндин
Айласы канча сураба.
Мунаранын тYбYн©
Сайышка майдан кылдырган,
Жыгылса, жумшак болор деп,
Буттап алтын зер берип,
Кара кумдан тундурган.
Каптап кумду т©ктYрг©н,
Балбандарга тептирген.
Сайыш кылчуу майданда
К©к найза булгап бакырып,
Каныкей турду ошондо
„Жекеге, бери келгин!"—деп,
Эр Чубакты чакырып.

top
Hosted by uCoz